Укуктук өлкөдө бийлик кабыл алган чечимдер жана мыйзамдар менен таанышууга элде мүмкүндүк болушу керек. Ушул максатта Юстиция министрлиги 2013-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкын (УМББ) түзгөн. Жарандар үчүн бул базаны он-лайн режиминде пайдаланууга жана ага акысыз кирүүгө мүмкүндүк ачылган эле. Акыркы кезде база толукталбай калып же бардыгы киргизилбей жатканынанбы, айтор жарандар менчик маалыматтык-укуктук порталдарга акча төлөп кирүүгө аргасыз болушууда. Мындай порталдын акысы бир айга 3 миң сомдун тегерегин түзөт. Министрлик ачкан базанын толукталбай калышы боюнча жооп издеп көрдүк.
Юстиция министрлигинин базасында 1990-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин кабыл алынган бардык ченемдик-укуктук актылар (Конституция, мыйзамдар, президенттин буйруктары, өкмөттүн жарлыктары жана башка) электрондук форматта камтылышы зарыл.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов 2011-2015-жылдары Юстиция министрлигин жетектеп турган. Анын айтымында, азыркы тапта Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы өз жемишин бербей, начар иштеп жатат. "Бул жерде адамдык фактор чоң роль ойнойт. Эгер жакшы адистер болсо, биздин жарандар кайсы бир мыйзамды издеш үчүн бекер эле Юстиция министрлигинин сайтына кирип болгон мыйзамды таап алса болмок. Азыр биздин жарандар акча төлөп "Токтом" деген сыяктуу менчик компанияларга барат. Эмне үчүн "Токтомду" иштетсе болот, ал эми мамлекеттик ресурсту иштетсе болбойт? Мыйзам деген бул мамлекеттин продуктусу да. Мамлекеттен бекер алып эле Юстиция министрлиги өзүнүн сайтына киргизип, жарандарга мыйзамды бекер берип турса болмок да. Бул жерде көмүскөдөгү иштер болушу мүмкүн. Менчик компаниянын кызыкчылыгын коргоп жатышы да ыктымал", - деди Шыкмаматов.
Юстиция министрлиги бул маселе боюнча SUPER.KG порталына жооп бергендей, 2017-жылдын 5-декабрына карата Борборлоштурулган банкта 98 миң 148 документ жана ченемдик-укуктук акт бар. 2017-жылдын ичинде базага алардын 8 миң 4ү киргизилген. Ал эми 1990-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейинки документ жана ченемдик-укуктук актылардын жалпы саны жана анын канчасы базага киргизиле электиги тууралуу суроого Юстиция министрлиги жооп бербей койду.
"Мамлекеттик жашыруун сыр катары мыйзам менен корголуучу ченемдик укуктук актылар, ошондой эле балдарды асырап алууга байланышкан чечимдер УМББга киргизилбейт", - деп баса белгилешти мекемеден.