Эгерде эркек эки аял менен эки башка үйдө жашаса, анда мыйзам бузуу деп эсептелбейби? Юрист жооп берет

Социалдык тармактарда диний ишмер Чубак Жалиловдун токол алганы катуу талкууга алынууда. "Кылым шамы" адам укугун коргоо борборунун директору Азиза Абдирасулова диний ишмер мыйзамды бузганын айтып чыкты. Ошондой эле аталган борбор бул окуя боюнча укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайрылган.

Укук коргоочу, адвокат Акин Токталиев эки же көп аял алууну прокурор да, сот да кылмыш иш катары карабай турганын SUPER.KG порталына айтты.

"Чубак Жалиловдун экинчи аял алганын прокурор да, сот да кылмыш катары карабайт. Себеби жалпы чарба жүргүзбөйт жана чогуу бир төшөктө жатышпайт. Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда" деп так жазылып турат. Диний ишмердин айткан сөзүндө эч кандай коркунуч жок. Аны Кыргыз улутун сактап калуу деп эле түшүнөм. Азиза Абдирасулова прокуратурага кайрылардан мурун беренени жакшылап окуп алса болмок. Прокуратура кылмыш ишин козгой албай калса, Чубак Жалилов укук коргоочуну сотко берсе болот", - деди Акин Токталиев.

Ал эми Ички иштер министрлиги Чубак Жалиловдун экинчи аял алганы тууралуу айтканы арыздын негизинде гана карала турганын билдирди. Арызды аялдарынын бири же алардын чогуу жашап жатканына күбө болгон жарандар бере алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
muslim87
2017-11-29 13:24:50
Чубак ажы өтө илимдүү, динди, мыйзамды, саясатты жакшы билген келечекти көрө билген киши. Азиза деген айым өз деңгээлин билип жөн эле койсо болмок. Бекер уятка калды. Менимче өзүн өз уюмун пиярлагысы келген өңдөнөт.
+6
muslim87
2017-11-29 13:28:55
Кыргызстанда Чубак ажыга окшоп ар кандай кырдаалда өзүн курмандыкка чала билген потриот инсандар көп болсо эчак өнүкмөкпүз.
+3
jergetal
2017-11-29 14:39:26
muslim87,++++
+6
momun74
2017-11-29 14:38:37
менда куйоомо экинчи аял алып бермекмин уйубузду бутуруп бир акча тапчу булак тузуп алсак анын эмнеси жаман мен бейишке куйоом мн чогу киргим келет
+3
erkeleim
2017-11-29 15:24:33
Аял алса 45-50 жаштагы балдары менен наны жок калган жесир алып улгу болсо жарашмак 30 дагы келиндин озу айтмакчы эрге шансы коп болчу жаш аял алгысы келип эле динге жамынгандай болуп калыптыр Толуп жатпайбы 45дон откон жесир нан таппаган аялдар
+9
jypara1415
2017-11-29 16:22:11
Жардамга муктаж , бала чакасы менен кошо таштап кеткен тируулой жесирлерди ким алат 4-5 баласы менен ? Куйоолору экинчисинин устуно кирип жашап алгандар . Семья багыш бул жакта турсун , озунун жанын , кызыкчылыгын ойлоп бир аялдын жылуу колтугуна кирип алган .Азыр коп андай эркектер .
+6
nurhan2702
2017-11-29 16:39:05
Чубак ажыны тажрыйбалуу ,билимдуу деп сыйлачу элем.Бир жолу туз эфирде курттаган бироонун созуно жооп берип калды.Ал:"мен 2-аял алайын десем аялым конбой атат"-деди эле,ажы мындай деп жооп берди "ала бер аялын ыйлап-ыйлап конот бир куну.Пайгамбар да аялдарын какшатып катын ала берген"-дейт.Ушунчалык жек коруп кеттим Чубак ажыны.Исламда "аялды сыйлаш керек ,ыйлатпаш керек"-дейт.Ошобу сыйлаганы.Аял учун кызганыч деген оору канчалык катуу экенин эркек соройлор тушунбой
+4
kaniulia
2017-11-30 14:25:29
nurhan2702,Сенин тушунук сезимин ото кыска экенин билдим.Мен сени кекчилсин десем да жарашат, себеп дегенде адамдын бир туура эмес айткан созунон кийин жек коруп жатасын, ал дагы адам ал периште эмес куноо кетирбейгендей, болгону жаратканыбыздын бизге тушургон курандын маанисн бизге жеткизип жатат как молжо десем да болот. Сен антип адам туура эмес суйлоп алса жек коро бербе, аны кечир ошондо сен бактылуу болосун.
+1
Arlenchik
2017-11-29 16:46:32
erkeleim; Абдан туура айтасынар!
0
eduardali
2017-11-29 18:02:39
Эгерде куйоонуз экинчи аял алса...
(бул учун катуу убайым жеген ухтинин жообу)

1. Ал болгону экинчи аял алды да.Муну Аллах уруксат берди.Эгер ал бешинчи аял алганда,мына ошондо убайым жесениз болот.
2. Ал болгону уйлонду,олуп калган жок,болуптур,мындан кийин бир аз азыраак келет экен,а бирок жолугуушунар мурункудан да ыссык болот да.

3. Болуптур,ал бир кун калып,бир кун келет экен.А бирок шугур айтыныз,куйоолору бар туруп,алар м н айлап -жылдап жолуга албага
0
mira28
2017-11-30 00:18:36
eduardali,эй йедуардали атына затын жарашып туру.Сен биринчи бир катынды норм багып алчы анан экинчисине иштет арткан акчан менен жатпай жаткан братишканы.Кыргызстанда озу эркектер 1 катынды аран багып жататго.Анда да аялдар тенме тен иштеген учурда.Чубак ажыны ар ким менен ойнош болуп анан аны алдым деп элди угуттогондон коро кун алыс эркектер бага албай таштап кеткен балдарды чогултуп бакса таманына жыгылып ийилип рахмат айтмакпыз.
+3
saza20
2017-11-30 08:46:18
mira28, эн туура. рахматты айттыра турган жардам кылсын
-2
saza20
2017-11-29 18:20:28
шарият деп эле шариятты бетине жаап болбойт да бул. адам укугун коргогон олкодо жашайбызго. арабия ислам олколорундо эмес. озу бутун уй-булоодо осуп эми эле шарият деп экинчи аял алгандар оздорунун энесин кызын карындашын ойлосо болмок
+1
saza20
2017-11-29 18:23:44
Чубак ажыны аябай жакшы коруп угат элем куйоомо да айтып угузат элем. капа болдум бутту эми укпаймын да.
+4
kaniulia
2017-11-30 14:42:05
saza20,Сен кепилдик бере аласынбы куйоон сенден башка эчким менен болгон эмес деп????
+1
saza20
2017-11-29 18:29:14
ислам олкосуно айланталы кыргызстанды. улуттук кийимдерди ыргыталы. бейишке чыгабыз деп 4он аял алалы. аягы сирия олкосундой болсун.
мен намаз окуйм кудаага шугур. оронуп хиджап кийгендердин кобу намаз окубайт экен тооба. арасында мурда жаман жургондору да бар оз козум менен коруп кулагым менен укканымы жаздым.
МОЛДОНУН АЙТКАНЫН КЫЛ КЫЛГАНЫН КЫЛБА
тозоктун жарымы молдолор менен толот
+3
muslim87
2017-11-29 23:42:41
saza20, намаз окуганың жакшы экен бирок намазды эмне үчүн окуйт? Мусулман адам кандай болуш керек ушул тууралуу да үйрөнүп алсаң жакшы болмок. Каяктан уктуң ислам өлкөсүнө айланса улуттук кийимдер чечилип ыргытылат деп. Кыйратып улуттук кимимдерди кийип жүргөнсүп жазыпсыңда. Улуттук кийимди чечип ыргытып батыштын тырсыйтып жамбашыңы көргөзгөн жынсысын, саныңын жарымын көргөзгөн кыска юпкасын, төшүңүн жарымын көрсөткөн жеңи жок майкаларын кийгениңе кылым болойун деп калдыго.
-1
saza20
2017-11-30 08:32:12
muslim87, ошол кылым бою жакшы жащап кыргыз деп аталып келе жатканыны унутпа. болосун жакында Сирия. ошол сен айткан кылымдар бою кудаага шугур деп атеистер да намаз окуп келе жатышат хиджап кийбей эле 4тон аял албай эле бир аял мн бир ата-энеден торолгон бир туугандар менен эле. сен да аялын менен чогуу ысык суукка чыдап жашап эми жашоон жакшы болуп жашоодон ордуну таап жемишинерди жеп баштаганда сен аял алчы эмне дейт экен биринчи аялын.
+1
kaniulia
2017-11-30 14:32:03
saza20,Мен билишимче сен аял киши окшойсун. Кайсыл эркекти билесин омур бою бир аял менен жашап бир дагы жолу ойноштук кылбаганын айтчы....
0
kaniulia
2017-11-30 14:38:29
saza20, Кыргызда макал бар "ойнош оттон ысык"- деген ага кандай жооп бересин... Болгону ажынын тушундургону куранда жазылганы,куранда жазылышы боюнча... "ойноштук кылган чон куноо" андан коро эри карабай же олуп калган жесир аялды экинчи кылып бак деген алар байкуш да адам да же корунгонгондун алдында тепселенип жатыш керекпи????
0
saza20
2017-11-30 08:39:34
Чубак ажыны тааный элегибизде аялы чогуу кайда барса барып эмне ичсе ичип ысыгына суугуна чыдап минтип Ажы элге таанылып калганда экинчи аял алып укмуш эле улгу болду. аял кишини басынтып эн биринчи оз балдарынын энесин. каарыганда кимиси мн жашайт. атасы келбеген куну оо башка аялынын уйундо атабыз дешет экенда. конституцияны Ажыке уруп да ойнобойм дегендей кылдыго. А эмнеге укуктук олко болдук анда ислам олко кылгыла
+1
saza20
2017-11-30 08:44:18
жардам бергиси келип уйлондум дегени болбогон кеп жардам бергиси келсе 30 дагы аялды алып жардам бербей берсин акча бизнес ачып берсин. 60 жашта да толтура колунан иш келбеген бала-чакасы жок жесирлер бар берсин ошолорго жардам. карыялар уйу балдар уйу толо жардамга муктаж. элге корсотуп угузуп ошолорго жардам берсе болмок улгу кылып
+1
admin_superstan
2017-11-30 10:03:00
muslim87, nurhan2702, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
+1
basyz-kaman
2017-11-30 12:13:44
Өбек туугандар кыздарын экинчи аял кылып берип жатышат. Акыркы күндөрү андайлар өтөө көп катталып жатат. Алар бизге окшоп жарыялабай эле тымпыйып көбөюшүп жатышат. Ооруканаларда аялдарды караган бөлүмдөрдө текшерилгени барган 20 аялдын 15 өзбек кыз келиндер, төрөтканага барсаң деле өзбек кыз келиндер.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан