Монополияга каршы агенттиги: "Нефтетрейдерлер дизель күйүүчү майдын баасын жогорулатууга аракет жасоодо"

Нефтетрейдерлер дизель күйүүчү майлардын баасын жогорулатууга аракеттерди жасоодо. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин Жөнгө салынуучу чөйрөлөр бөлүмүнүн башчысы Сагындык Маматоморов билдирди.

"Орусияда күйүүчү май иштеп чыгаруу заводдорунда оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу күйүүчү майлардын жетишсиздиги орун алууда. Орусия аймагынан Кыргыз өлкөсүнө күйүүчү майларын ташып келген нефтетрейдерлер, мындан пайдаланып дизель күйүүчү майынын баасын жогорулатууга аракеттерди жасоодо. Биз буга жол бербөө үчүн каршы иштерин жүргүзүп жатабыз", - дейт Маматоморов.

Айта кетсек, сентябрь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын аймагында дизель күйүүчү майдын баасы 2-3 сомго жогорулады. Сентябрь айында дизелдин орто баасы 36 сом болсо, учурда дизелдин орто баасы 38,5 сом болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2017-11-30 00:46:59
Алабукада 40.70тый
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан