Экс-президенттин уулуна ортоңку манжасын көрсөткөн айдоочу менен Патрулдук милиция кармаган айдоочунун эки башка адам экени айтылууда

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Бишкекте жол эрежесин бузуп, экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасовго колунун ортоңку манжасын көрсөткөн айдоочу менен Патрулдук милиция кармаган айдоочунун эки башка адам экенин жазышууда.

Айсылу Ельчина аттуу интернет колдонуучу "Колунун ортоңку манжасын көрсөткөн айдоочу 1985-жылы туулган У.Т. деген адам, ал эми Патрулдук милиция кармаган айдоочу башка" деп жазды.

Буга чейин Бишкек ШИИББи боюнча Патрулдук милиция башкармалыгы терезелери караңгылатылган жана атайын сигнал орнотулган Тойота Ленд Крузер унаасынын айдоочусу 1996-жылы туулган А.А. кармалганын билдиришкен.

Ал эми аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев интернет колдонуучулары тарабынан айтылган күмөндөр боюнча
"Биз машинаны таап, токтоткондо рулда 1996-жылы туулган А.А. отурган. Ал "рулда мен болчумун, номерди таап алгам" деп жатат", - деди.

Жол эрежесин бузуп, колунун ортоңку манжасын көрсөткөн айдоочу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Elmira8084
2017-11-29 12:34:18
Башка эле бала болуп корунуп турат ко. Номер таап алган болчум, рульда мен болчум деп мойнуна алдыртып тим эле. Ким ишенет экен ушул жомогунарга?
+15
kechirmeni
2017-11-29 12:35:14
уят эле, туура кармашпайбы
+5
KYRGYZ-stan
2017-11-29 12:43:22
Колун коргозуп баатыр болуп атпайт беле,милиция издегенде бир байкушту кондуруп,корккон экенда)))
+7
Pandora
2017-11-29 12:36:07
Бир байдын эрке баласыго,атасынын байлыгыга чимирилип озунчо каалаганын кылып.Жазалансын!!!
+9
Freemankg
2017-11-29 12:37:36
Чычкак иш кылып койуп , качып журот .
+18
aerforce
2017-11-29 13:26:32
булдагы бир чондун баласыда ушулга окшогондон чыгат бир чон жумушка орнотот коздору май басып озунон башканы адам оордуна корбой чирелет каттуу жазалаш керек ишенген адамын кошуп уят кылып ошондо сабак болмок башкаларга
+3
lady_91
2017-11-29 13:42:47
А.А ,У.Т дегендер ким экен эми ичти бышырбай жазып эле коёбербейсинерби
+1
stimyl.kg
2017-11-29 14:04:15
Гүлжигит Сатыбековкко окшошго тиги машинадагы.
+7
modem4999
2017-11-29 14:24:18
Интернет колдонуучунун атын толук жазып тигиникин у т деп жашыргандары кандай
+4
erkeleim
2017-11-29 15:20:34
Оз нанын таап жеген 30 дагы жаш келинди алгандан коро тигиндей жети баласы менен наны жок аялды алсан го Чубак молдо эл да ыраазы болмок 30 дагы жесир болсода карды ток иштегенге мумкунчулугу бар келин эле жаш бактысын тапмак эр болсон тиги 7 баласын бага албаганды алчы королу ошондо улгу болосун!!!!
+2
Abdusamat.kg
2017-11-29 18:46:54
erkeleim,эркелей бербе ооз бар деп . Өзүнө жакканын динден кабары барын алса керек.
0
aralbek
2017-11-29 22:09:47
Эптеп будун-чан кылып ишти жабыш керек болуп калды окшойт силердики
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан