Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңеште 2018-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатат.
КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев тарыхый баалуулуктар боюнча жакшы иш алып баруу керектигин айтты. “Тарыхый баалуулуктарды жакшы башкара албай, жоготуп жатабыз. Тарыхый экспонаттарды сактап калууга бюджеттен каражат бөлүп берүү керек. Бул боюнча келе жаткан жылы каражат бөлүнөбү?" - деп Артыкбаев өкмөт башчы Сапар Исаковдон сурады.
Сапар Исаковдун айтымында, бул багытка бюджеттен каражат каралган эмес. “Кечээ Тарых музейин көрүп келдим. Оңдоп-түзөө иштерин көргөндө көз сүйүнөт. Башкача болуп калыптыр. Тарых музейинде экспонаттар жоголуп жатат деген имиштер чыгып жатат. Бул боюнча териштиребиз”, - деди премьер-министр.