КҮНСЕРЕП: Жээнбеков Назарбаев менен Атамбаевдин эрегишин токтото алабы?

Бүгүн, 29-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын президенти катары алгачкы иш сапарын Орусиянын Москва шаарынан баштады. Өлкө жетекчиси Орусиянын лидери Владимир Путин жана өкмөт жетекчиси Дмитрий Медведев менен өлкөлөр кызматташтыгы, ЕАЭБдин алкагындагы мамилелер жаатында сүйлөшүү жүргүзөрү күтүлүүдө. Жээнбековдун президенттик биринчи иш күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Эл баатыры” наамын берүү менен башталган эле. Бүгүн эл аралык деӊгээлдеги биринчи жолугушуусу КВН лигасынын жетекчиси Александр Масляков менен болуп, ага Атамбаевдин жарлыгы менен ыйгарылган “Достук” орденин тапшырды. Жээнбековдун президент катары алгачкы жолугушуусу өлкө үчүн олуттуу, маанилүү иштерге, саясатчыларга арналуусу кажет эле деп, социалдык түйүндөрдө бул үчүн ажонун командасын сындоо башталды. Жээнбеков Орусиядан ары Беларуска барып Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынына катышат. Аталган уюмга Кыргыз мамлекети, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь жана Армения мүчө.

Кыргыз менен Казак өлкөсүнүн ортосундагы алакалар бузулгандан бери Кыргыз Республикасы менен Казакстандын президенттери бетме-бет жолугуша элек. 2017-жылдын 10-11-октябрында Сочиде Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп, ага Кыргыздын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев баруудан баш тарткан. Президенттик аппарат "шайлоодо тополоӊ чыгышы мүмкүн, ошондуктан президенттин өлкөдө болгону оӊ" деп түшүндүрмө берген. Ошол күнү Кыргыз-Казак чегинде башталган тыкыр текшерүү эки өлкөнүн ишкерлерине, Казакстанды басып өтүп андан аркы өлкөлөрдө соода жүргүзгөндөргө бир топ түйшүк жаратып, көрө турган пайдадан кур калтырууда. ЖККУнун жыйыны Сооронбай Жээнбековго ал абалды жумшартууга жакшы мүмкүнчүлүк.

Жээнбеков түз эле Беларуска, жыйын өтүүчү Минск шаарына учуусу мүмкүн эле. Бирок ал бир күн мурун Кремлге барды. Бул Кыргыз-Казак кризисин чечүүгө Орусиядан колдоо издөөбү? Буга чейин ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык кеңешинде Сапар Исаков биримдиктин башка мүчөлөрүнүн көңүлүн бул маселеге бурууга аракет жасаган. Казак тарап “бул эки өлкөнүн ортосунда гана чечилиши керек болгон иш” деп башкалардын аралашуусун жактырбай турат. Президенттик шайлоодон кийин Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Казак кризиси убактылуу, чечиле турган маселе экенин билдирип, өлкөлөрдүн бузулган мамилесинен жапа тартып жаткандарга үмүт берген эле. Кыргыздын жаӊы президенти Беларуста Кыргыз-Казак ортосундагы мамилени жумшарта алабы? Учурдун башкы суроосу ушул...

КСДП фракциясы курамдан чыгып, Бишкек шаардык кеӊешиндеги коалициялык көпчүлүктү таратты. Коалициялык көпчүлүктүн лидери Алмаз Кененбаев бул аракетти "пландарды ишке ашыруу үчүн коалиция жаӊы форматта түзүлүшү керек" деп түшүндүрүп, КСДП жаӊы коалиция түзүүдө бардык фракциялар менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты.

Бишкек шаардык кеӊеши 2016-жылдын 11-декабрында шайланган. Шайлоо Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү боюнча референдум менен бир күндө өтүп, 5 партия жеӊишке жеткен. Алар КСДП, "Республика-Ата Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Мекеним Кыргызстан" партиялары. Коалиция 3 фракциядан түзүлүп, "Өнүгүү" менен "Мекеним Кыргызстан" оппозицияда калган эле. Шаардык кеӊештин төрагалыгына "Республика-Ата Журттан" Канатбек Мүзүралиев шайланган. Өмүрбек Бабанов менен бийликтин учурдагы мамилесин эске алганда КСДПнын коалицияны уратуудагы максаты түшүнүктүү болуп чыга келет. Бул кадам "Республика-Ата Журтту" коалициядан чыгаруу үчүн жасалды. “РАЖ” оппозицияда калса, анда спикерлик кресло дагы бошойт. Жаӊы коалиция түзүү укугу мурдагыдай эле КСДПда болору Кененбаевдин кебинен байкалып турат.

13 мандаты бар КСДПга 5 мандаты менен “Кыргызстан”, 7 мандаты менен “Мекеним Кыргызстан” же оппозициялык маанайын кескин өзгөртүп, жакында Алмазбек Атамбаевге алкыш айта баштаган Бакыт Төрөбаевдин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы 8 мандаты менен кириши мүмкүн...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан