Депутат өкмөттөн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду өлкөнүн экономикасына кандай пайда алып келгенин сурады

Бүгүн, 29-ноябрда парламент жыйынында КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев өкмөттөн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду өлкөнүн экономикасына кандай пайда алып келгенин сурады.

“Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун түзүлгөнүнө 3 жылдын жүзү болду. Аталган фонд тууралуу коомчулукта маалымат аз болуп жатат. Өлкөнүн экономикасына кандай пайда алып келип жатат, канча жумуш оруну түзүлдү?” - деп депутат өкмөт мүчөлөрүнөн сурады.

Фонддун төрагасы Эркин Асрандиевдин айтымында, фонд тарабынан эки жыл ичинде жалпы 780 долбоор каржыланган. “Анын суммасы 254 миллион долларды түзөт. 7 чоң ишкана ачылды. Жалпы 64 300 жаран жумуш менен камсыз болду. Кара-Балта шаарында арматура, Токмок шаарында макарон чыгарган завод ачылат”, - деди Асрандиев.

Жогорку Кеңеште 2018-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан