Чыныбай Турсунбеков: “Пакистандыктар Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курууга кызыкдар болуп жатат”

КСДП фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков пакистандыктар Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курууга кызыкдар болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-ноябрда парламент жыйынында билдирди.

“Пакистан өлкөсүнө барганда Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курууга пакистандык ишкерлер кызыгуусун билдирген. Бул тууралуу өкмөткө сунуштагам. Бул боюнча каралып жатабы?” - деп сурады.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курууга дагы эки компания кызыкдар болуп жатканын айтты. Ошону менен катар Исаков пакистандык ишкерлерди дагы тыкыр карап чыгууга убада кылды. “Чехиялык “Liglass Trading” компаниясынан кийин коркуп калдык. Компаниялар тууралуу изилдеп, иш жүргүзөлү. Карап чыгабыз”, - деди Сапар Исаков.

Жогорку Кеңеште 2018-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан