“Кыш мезгилинде автоунаалардын жайкы дөңгөлөктөр менен жүрүүсүнө тыюу салуу керек”, - деп бүгүн, 29-ноябрда парламент жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев билдирди.
Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө жол кырсыгы көп катталып жатат. "Тоолуу аймактарда айдоочулар кышында жайкы дөңгөлөктөр менен каттайт. Ошолорго тыюу сала турган токтом чыкса жол кырсыгы азаймак", - деди депутат.
Премьер-министр Сапар Исаков бул сунуш боюнча Ички иштер министрлигине тапшырма бере турганын айтты.
Жогорку Кеңеште 2018-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатат.