Сапар Исаков: "Биринчи вице-премьерлик кызматына парламенттен депутат келет"

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңеште 2018-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда талкууланып жатат.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов өкмөт башчы Сапар Исаковдон эмне үчүн биринчи вице-премьер-министрди сунушталбай жаткандарын сурады. "Эмнеге бүгүнкү күнгө чейин биринчи вице-премьер-министрди шайлабай жатабыз. Татыктуу иш алып кете турган адам жокпу? Сыртта бул кызматка "мен даяр болуп калдым" дегендер жүрөт", - деди Нышанов.

Сапар Исаковдун айтымында, болжолдуу түрдө талапкерлер сунушталып жатат. "Конституцияга өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин бул маселе каралат. Парламенттен сиздин кесиптештериңиздин бири бул кызматка келет", - деди Исаков.

Айта кетсек, 2016-жылдын 11-декабрында өзгөртүлгөн Конституциянын бир топ беренелери быйыл 1-декабрдан тарта күчүнө кирет. Алардын бирине ылайык, премьер-министрликке же биринчи вице-премьер-министрлигине парламент депутаттарынан бирөө барса, ал өкмөт мүчөсү болуп иштөө менен катар мандатын да сактап калат.

Буга чейин аталган кызматты Толкунбек Абдыгулов аркалап келген. Абдыгулов 23-ноябрда вице-премьер-министр болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан