"Жогорку окуу жайды бүтүргөндөрдүн арасында өздөрүнүн аты-жөнүн жаза албагандар бар", - деп бүгүн, 29-ноябрда парламент жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров билдирди.
Ал өкмөт мүчөлөрүнөн билим берүү тармагында качан реформа боло турганын сурады.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, азыркы жасалып жаткан иш-чаралардын бардыгы реформа болуп саналат. "Билим берүү министрлиги тарабынан жасалып жаткан иштер билимдин сапатына багытталган. Окуу программалар боюнча башкаруу маалыматтык систем түзүп жатабыз. Декабрь айынын аягына чейин мектеп окуучулардын, студенттердин базасы түзүлөт", - деди министр.
Премьер-министр Сапар Исаков Максат Сабиров саясий суроо берип жатканын айтты. "Билим берүү тармагында реформа башталган. Бюджеттен 25 пайыз чыгаша аталган министрликке берилип жатат. Китептер чыгып жатат", - деди премьер-министр.
Максат Сабиров жасалып жаткан реформалар жетишсиз экенин белгиледи.