Парламентте республикалык бюджет тууралуу эки мыйзам кабыл алынды

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда талкууланды.

Ошону менен катар “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору дагы каралды.

Эки мыйзам долбоорлоруна 2-3-окууда добуш берүү сунушталды. Жыйынтыгында 108 депутат катталып, бардыгы "макул" деп добуш беришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2018-жылга карата 158 миллиард 398 миллион сом көлөмүндө же ички дүӊ өнүмгө карата 29,4 пайыз деңгээлде болжолдонууда. Ал эми 2019-2020-жылдарда республикалык бюджеттин кирешелери 142 миллиард 129 миллион сомду жана 144 миллиард 559 миллион сомду түзмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан