Бүгүн, 29-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Орус кызматташуунун актуалдуу маселелери тууралуу талкууланды.
Дмитрий Медведев Сооронбай Жээнбековду Кыргыз өлкөсүнүн президенти болуп шайланышы менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.
“Сиз Кыргыз өкмөтүнүн премьер-министри болуп турганда экөөбүз бир нече жолу жолугушуп, соода-экономикалык, инвестициялык, гуманитардык өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаган элек. Биз учурда жүргүзүп жаткан иштерибизди улантабыз деп ишенем”, - деди Дмитрий Медведев.
Медведев акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жаңы деңгээлге чыккандыгын баса белгиледи. “Бул эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнү чыңдоого жана Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБ кошулушуна байланыштуу болду. Бул иштерге сиз дагы олуттуу салым коштуңуз”, - деди Медведев.
Жээнбеков Медведевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Сиз кызматташуу маселелерин чечүүдө дайыма бизди колдоп келгенсиз. Мындан ары дагы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ишеним менен мамиле жасоо сакталат деп ишенем”, - деди Жээнбеков.