Кош бойлуу студенттерге мындан ары Бишкек мэриясы тарабынан стипендия берилбейт. Мындай чечим бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынганын SUPER.KG'ге шаардык кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Аз камсыз болгон жана Бишкек мэриясынан жеңилдиктерге ээ болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү" боюнча токтомго өзгөртүү киргизилет. Өзгөртүү кош бойлуу студенттерди стипендиядан ажыратуу максатын көздөйт.
"Мындай чечим Жогорку Кеңеш тарабынан жакында кабыл алынган "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамга байланыштуу болуп жатат. Анткени мыйзамда жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Буга чейин кош бойлуу 38 студент квартал сайын мэриядан 1200 сомдон стипендия алып келген", - деп айтылат маалыматта.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамга ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул, ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сомдон берилет. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.