Бүгүн, 29-ноябрда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусия лидери Владимир Путиндин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө Путин Жээнбековду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. "Сиз тажрыйбалуу адамсыз, акыркы мезгилде өкмөттү башкаргансыз, Орусия менен Кыргыздын ортосундагы бардык стратегиялык пландарыбызды түзүүдө катышкансыз. Биринчи иш сапарыңызды Орусияга жасаганыңыз мен үчүн жагымдуу болууда. Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана эл аралык уюмдарда биргеликте иштешүү боюнча сүйлөшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деди Путин.
Жээнбеков Путинге куттуктоо сөздөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди. "Биз, Кыргыз Республикасы Орусия менен өз ара иштешүүнү, кызматташууну бекемдөөгө ниеттенүүдөбүз. Мен буга болгон күчүмдү жумшайм. Бизде 2 революция болгон: мамлекет жок болуу коркунучу алдында турган. Көп улуттуу элдин сабырдуулугунун, даанышмандыгынын жана Алмазбек Шаршенович баштаган жетекчиликтин ишинин аркасы менен биз тынчтыкты жана туруктуулукту кайтарып, туруктуу өнүгүү жолуна түштүк. Мында Орусиянын жана сиздин жеке салымыңыз да чоң. Биз, Кыргыз эли Орусиянын жардамын жана колдоосун жогору баалайбыз. Биздин башкы багытыбыз Орусия болот", - деди Жээнбеков.