Кечээ, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Адамдарды сатууну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Маалыматка ылайык, адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы иштерди толук кандуу координациялоону камсыз кылуу максатында мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу органды аныктоо функциясын өкмөткө берүү каралган. Ошондой эле долбоордо адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү маселелеринде өтө маанилүү инструмент болуп саналган “Адамдарды сатуунун курмандыктарын башка жакка жиберүүнүн улуттук механизми” долбоорун киргизүү сунушталат. Мыйзам долбоорунун маңызы адам сатуунун курмандыктарына атайын макам берип, аларга ар тараптуу көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.