Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик органдарга Улуттук онкологиялык борборду көрктөндүрүү иштерин көзөмөлгө алууну тапшырды

Кечээ, 29-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкологиялык борборго барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы октябрь айында капиталдык реконструкциясы жыйынтыкталган борбордун административдик имараттарын, дарылоо бөлүмдөрүн жана аймагын көрүп чыкты.

Сапар Исаков белгилегендей, “Жаңы доорго - кырк кадам” өкмөттүк программасынын келечектүү багыттарынын бири катары өлкө жарандарынын медициналык тейлөө алуусу жана анын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Премьер-министр жакынкы арада борбор үчүн “Центерра Голд” компаниясы менен стратегиялык келишим алкагында бөлүнчү жалпы суммасы 10 миллион доллар эсептелген заманбап медициналык жабдуу сатылып алынарын эскертти.

Сапар Исаков менен “Центерра Голд” компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри жаңы техника менен жабдуу пландаштырылып жаткан медициналык залдарды кыдырып чыгышты.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга борборго караштуу аймакты көрктөндүрүү иштерин көзөмөлгө алууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан