ЖЫЛНААМА, 30-НОЯБРЬ: Татуировкасы бар эң биринчи саясатчылардын бири Уинстон Черчилль мындан 143 жыл мурда туулган

Тарыхта өтө оор кырдаалда - Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында (1940-1945-жылдары) Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп, фашисттик Германияга каршы күрөштү эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон мамлекеттик ишмер, жазуучу, сүрөтчү, коомдук ишмер Уинстон Леонард Спенсер Черчилль мындан 143 жыл мурун туулган.

Дүйнөгө атагы чыккан саясатчыны, апасы Женни салтанаттуу кечеде убактысынан эрте 7 айлык кылып төрөгөн. Жергиликтүү юристтин баласына даярдалган жалаяктарда өз жашоосун баштаган Черчиллди дүйнөгө белгилүү саясатчы болорун анда эч ким билбесе керек.

Атасы менен болгон оор мамилелер

Черчиллдердин тукуму Британиянын саясий тарыхында өчпөс из калтырган. Уинстондун атасы Рэндольф депутат-консерватор жана министр болгон. Бирок ата баланын ортосундагы мамилелер дайыма оор болуп, экөө эч качан тил табыша алган эмес. Атасы тарабынан дайыма ар кандай кемсинтүү, ишенбестик сөздөрүн угуп келген Уинстон апасы тарабынан дайыма колдоону сезип турган. Эне дайыма өзүнүн баласынын башталыштарын колдоп, ага ишенич көрсөткөн.

Мүнөзү оор окуучу

Бала кезинен тарта Уинстон өзүнүн жөндөмдүү, акылдуу бала экенин көрсөтүп келген, бирок мектепте начар окуган. Ал өзүнө жаккан адабият жана тарых сабактарын сүйүп окуган. Мугалимдердин кемчиликтерин бетине айтып көп учурда сынга кабылган. Ал эми Сандерхерст аскер окуу жайына экинчи жолу тапшырып, анда да акыркылардан болуп өткөн.

Жаман адаттар

Өзүнүн зыяндуу жаман адаттарына карабастан Уинстон 90 жашка чыгып каза болгон. Саясатчыны жакындан билгендер, ал жатып алып дагы чылым чегерин айтышкан. Ошондой эле ал бир күндүн ичинде бир литр спирт ичимдигин ичип койгон күндөрү болгондугу тууралуу сөздөр бар.

Ыңгайсыздык жараткан татуировка

Белгилүү саясатчы жаш кезинде оң ийинине якордун сүрөтүн татуировка кылып түшүргөн. Ошол себептен улам ал эл алдына майкачан же ийинин көргөзүп жүрүүдөн тартынган. Уинстон эң алгачкы татуировкачан саясатчылардын бири болгон.

Комментарийсиз

Черчилль 1946-жылы 12-февралда биринчилерден болуп "комментарийсиз" сөзүн көпчүлүктүн алдында колдонгон. Ошондон кийин бул сөздү көпчүлүк саясатчылар, жылдыздар журналисттердин суроосунан баш тартууда колдоно башташкан.

"Нобель" сыйлыгынын ээси

1953-жылы 10-декабрда Черчилль адабият тармагына кошкон салымы үчүн "Нобель" сыйлыгына татыган (ага атаандаш көрсөтүлгөн талапкер америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй болгон, бул жазуучу кийинки жылы "Нобель" сыйлыгын алган). Уинстон Черчиллдин чукугандай тапкан сөздөрү, азилдери да тарыхта калган. Мындан тышкары саясаттагы жетишкендиктери үчүн ал АКШнын ардактуу жараны аталган.

Черчиллдин цитатага айланган белгилүү сөздөрү

Саясатчынын көптөгөн эл алдында айткан сөздөрү, белгилүү цитаталарга айланган. Алардын айрымдарын сиздерге сунуштайбыз.

"Мамлекеттик ишмерлер менен саясатчылар бири-биринен айырмаланат. Биринчилер өлкөнүн келечегин ойлосо экинчилер эртеңки шайлоону ойлонушат";

"Үй-бүлө эмнеден башталат? Жигит кызды жактырып калуусунан башталат. Азырынча андан башка жол жок";

"Адамдар билбеген сырды эң жакшы сакташат";

"Согуш - бул башкалардын кызыкчылыгы үчүн күнөөсүз адамдардын өлүшү";

"Жаңылык тууралуу сүйлөшкөндөн көрө, жаңылык жараткан жакшы";

"Бүркүттөр унчукпай турганда, тотукуштар сайрашат";

Улуу Британиянын даңазалуу мамлекеттик ишмери Уинстон Черчилль 1874-жылы 30-ноябрда жарык дүйнөгө келген.

30-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан