Депутат "Жунда" заводунда түнкүсүн нормадан ашык зыяндуу түтүн чыгып жатканын айтты

"Жунда" заводунда түндө түтүндүн зыяндары нормадан ашык чыгып жатыптыр", - деди бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков.

Ал адистер барып текшериши керектигин айтты. Ага жарандар зыяндуу түтүн каптап жатканын айтып кайрылганын билдирди.

Мындан тышкары Субанбеков өкмөт энергиянын кайра жаралуу мүмкүнчүлүктөрүн колго алуусу мезгил талабы болуп жатканын белгиледи. "Энергиянын кайра жаралуу абалын жакшыртуу бул керектөөчүлөрдү энергетикалык жактан камсыз кылуу. Күндүн, жердин, суунун энергиясы жөнүндө айтып жатам. "Жаңы доорго кырк кадам" программасында энергетика тармагы колго алынат деп белгиленген. Бул программанын алкагында өкмөт жаңы иш-чараларды иштеп чыгуу жагын колго алышы керек", - деди Субанбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Isco23
2017-11-30 10:52:35
Кытайлврга берсенер ошентет да анан обедден кийин тутун чыгат бутун чыгат деп суйлоп коесунар
0
grace
2017-11-30 11:51:01
Жаап салыш керек пайдасынан зыяны көп кытайларды айдап салып.
0
elchi84
2017-11-30 12:54:25
Кытайлар бизге конуп калды акча берсен любой ишти кылсан болот деп. Алар учун Кыргызстан жаннат болуп калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан