КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев жарандарды тазалыкты сактоого чакыруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Дүйнөдө негизги байлык илимдүү, эмгекчил эл болуп эсептелет. Бул ресурсту туура иштеткен өлкө өнүгүп жатат. Биз миң жылдык терең улуу тарыхы, маданияты бар элбиз. Ар бир адамдын эмгеги менен мамлекетти өнүктүрсөк болот. Кээ бир учурларда автоунаанын терезесин ачып түкүргөн көрүнүштөр бар. Тазалыкты сактабайбыз. Жашаган жерлерде үйлөрдүн айланасын караганга аракет кылбайбыз", - деди депутат.
Ошону менен катар эле Осмонбек Артыкбаев жыйын башында калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси боюнча өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштаган. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков декабрь айында аталган маселе карала турганын билдирген.