Депутаттар өлкөнүн айрым айылдарында электр жарыгы начар болуп, балдар китеп окуганга мүмкүн болбой жатканын айтышты

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар өлкөнүн айрым айыл аймактарында электр энергиясы начар болуп, телевизор көргөнгө, балдар китеп окуганга мүмкүн болбой жатканын айтышты

"Аксы районундагы айылдарда трансформаторлордун жетишпегендигинен китеп окуганга, телевизор көргөнгө мүмкүн эмес. Авлетим айыл аймагындагы үч айылды, Жерге-Тал айыл аймагындагы төрт айылды мен өзүм барып көрүп келдим. Электр жарыгы чырактай эле күйөт. Электр мамычалары 1960-жылдары курулган. Аймактагы 120 электр мамычасынын 78и жарактан чыккан, оңдоого болбойт деп бүтүм чыгарып койгон. 65 пайызы кооптуу абалда", - деди депутат Алмазбек Эргешов.

Депутат Сайдулла Нышанов да бул маселеге кайрылып, аймакта биринчи кардан кийин энергетика тармагында маселелер жаралганын айтты.

"Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагындагы Жай-Терек тилкесинде биринчи кардан кийин эле эскирген зымдар дарактарга тийип, эл телевизор көрө албай калдык деп кайрылып жатат. Азыр буларды карап, чечпесек нааразычылык жаралат. Бул биринчи жолу айтылып жаткан маселе эмес", - деди Нышанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан