Депутат Мамашова: "Эки аял алганы үчүн жоопко тартылган бир да жаран жок"

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Айсулуу Мамашова жылына 5 миңден ашык аял алимент сурап арыз жазышканын айтты.

Эл өкүлү көп аялдуулук боюнча мыйзамдын иштөө механизмдерин карап чыгууну сунуштады.

"Өлкөдө нике каттоосуна турбаган аялдар боюнча маселе көп. Жылына 5 миңден ашык аял алимент сурап, арыз жазышат. Анын 60 пайызы төлөнбөйт. Мындай абалда көп аялдуулук боюнча сөз болбошу керек. Эмне үчүн дин өкүлдөрү Кудай, аял жана балдардын алдындагы аталардын жоопкерчилигин айтып, бул маселени көтөрүшпөйт? Эки аял алганы үчүн жоопко тартылган бир да жаран жок. Бул мырзалардын сыймыктануучу сөзүнө айланды. Көп аялдуулукка каршы мыйзам жансыз, иштебейт. Аргасыз экинчи аял болууга макул болгон аялдын маселесинин динге тиешеси жок. Бул материалдык, социалдык маселе. Мен көп аялдуулук боюнча мыйзамдын иштөө механизмдерин кайра карап чыгууну сунуштайм", - деди Мамашова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Meruet84
2017-11-30 11:18:30
Эжекеси сиз айткан маселе бир жагынан туура дейли , бирок кошо иштеген депутат коллегаларыңыздан баштап, министрлерди төш, элдин арасында эки эмес андан көп аял алып жашагандардын баарын карап санап чыгышыңыз керекго дейм ....
Канчалаган депутаты же жөнөкөй жараны болсун, канчалаган кыздардын тагдырын талкалап, каалагандай калчап, кээ бирин өлтүрүп, өлгөнүн тоң биллекке салып жаап коюп жатышат, ошол эле сиз менен кошо олтурган ак үйдөгү кесиптештериңиз. Ошол учурларда кайда элеңиз?
+8
Too-tash
2017-11-30 12:31:06
Meruet84, мыйзам иштебегени учун Чубак ажынар да 2 катын алып отурат да... Эми ишти Чубак ажыны камоодон баштасанар, 2 аял алгандарды четинен камасанар бул маселе жоюлат...

Баары келип мыйзамдын иштешине такалат... Чубак ажынар СССР убагында 2 катын эмес бирмкатынга аран уйлонмок!!! Эми эле мыйзамды эч ким тоготпой калды, баары билгенин кылып...

Бул болсо мамлекеттин чогуп бара жатканын тушундурот...
-6
Akjolmaga
2017-11-30 12:37:39
Бир дагы жаран жоопко тартыла элек болсо анда чубак ажыдан баштагыла
+4
newman
2017-11-30 13:44:57
Too-tash, камай албайт. 1- болуп айтып чыкты чындыгын. Башка аткаминерлер айтууга эрки жетпейт. Жана камамак тургай иш козгой албайт. Закондо 1 же 2- аялы арыз жазса иш козголот жанада чогуу бир уйдо жашаса. А ажыке оз озу́нчө жашайт. Жанада анын аялдары такыр эле арыз жазбайт. Демек ичиң күйсө туз жала
-1
Too-tash
2017-11-30 21:27:13
newman, Чубак ажын экоон жаны мыйзам жаздынбы?!!

Кай жерде жазылып турат, аялдары эки башка уйдо жашаса, биринчи аялы арыз менен кайрылбаса кылмыш жообуна тартылбайт деп?!!
0
Akjolmaga
2017-11-30 14:17:06
Чубак эмес чувак, чувак
-2
aliko78
2017-11-30 11:21:37
Көп аялдуулукту мыйзамдаштырса ошондо алимент деп эч ким кайрылбай калат. Себеби жетимдин башын сылаймын деген кыргыздын жигиттери сан жеткис.
0
Too-tash
2017-11-30 12:33:24
aliko78, жетимдин башын созсуз уйлонуп анан сылайт бекен?!! Аталары бар тируу жетим балдар канча?!! Ажырашкан эркектердин жаш катындарына коз алайтып шилекейи куюлгуча, жаштарды ажырашпагыла деп сабырдуулукка, токтоолукка чакырбайбы Чудак ажынар?!!!!
+3
tram-lam
2017-11-30 12:57:33
aliko78,огой баласын,кызын олтуруп коюптур деген кабарларга азырынча сан жетет, бирок 2 аял алууга уруксат берилсе жетпей калышы мумкун
+2
AKCAHAT
2017-11-30 16:50:14
aliko78,кыргыздын ошол жигиттери биринчи озулорунун балдарынын баштарын жакшылап сылап алышсын))) тирик жетимдердин санын инкубатордой кобойто бербей)))
+4
Meruet84
2017-11-30 11:37:52
Минтип батыштын сөзүн сүйлөштү же бирөөнун шилтемеси менен иштешти качан коесуңар улуу урматтуу депутат айымдар! Сиздер ошол жерге элге жерге кызмат жасайын деп баргансыздар да э? Ошол элге берген антыңыздарды аткарбайсыздарбы! Кыздардын бешиктен бели чыгалегинен баштап каарыган эже апаларыбыздан бери талаалап кеттик, ал жакта эмне деген күндү көрүп жатабыз.Канчалагандар өлүп өлүгү келип, канчалаган кыздардын тагдыры талкаланып, канчалаган ымыркайлар туулуп ата апасыз өсүп жатат.Мына ушуларга ка
+3
Meruet84
2017-11-30 11:43:09
Meruet84,Мына ушуларга карата мыйзам иштебейсиздерби, талаалап чет жерге иштетпей жылуу жумшак бала чакабыздын алдында, өз өлкөбүздө иштей турган даражада шарт түзбөйсүздөрбү. Мына ошондо Чубак Ажы Жалилов дун кыздарыңарды түрккө, кытайга бербей өзүбүзгө.эле алып калалы, эки ден аял алгыла деген сөздөрүнүн алган болот элеңер.Аалымыбызда, аялдардын азыркы абалын көрүп, ушул жолго барып жатат...
+4
Too-tash
2017-11-30 12:37:27
Meruet84, сени акылдуу, билимдуу, тушунугу кен десем, болгонун ушулбу?!!

Кытай, туркту тандаган женил ойлуу кыздарыбыз кыргызымдын эркектерине биринчи болуп тийуудон баш тартып, кытай, турктордун акчасына адгырылып жатса, анан экинчи болуп тиймек беле?!

Эркектер эки катын алса эле миграция маселеси чечилип эл талаалабай калат бекен?!! Чубак ажын экоон ойлонуп анан суйлодунорбу же бул жагы Атамбаевчесинен балп эттирмеби?!!
+1
Meruet84
2017-11-30 13:17:21
Too-tash,бул жакта да сизби.
Сиз негативке толгон аң сезимиңизди өзгөртсөңүз жакшы болмок. Сиз өзүңүздөгү ой жүгуртү, жетиштү билимди, жакшы иштерге же жакшы нерселерге эмес, каяктагы болбогон аягы жакшылыкка алып келбеген нерселерге пайдаланып жазып жатасыз. Акыретте ар бир сүйлөгөн сөзгө, ат коюп шылдыңдоолоруңузга да жооп бересиз, эске ала жүрсөңүз.Адамдын адамдык сапатына асылуу, сиздин ким экениңизди далилдейт.
-1
Too-tash
2017-11-30 13:46:39
Meruet84, кел по-факту суйлошолу...


2 аял алуунун пайдасы коппу же зыяны коппу?!!

Чубак ажы экоон 2 аял алуу менен сойкулукту, миграция маселесин кантип чечесинер?!!

2 аял алуу менен кыргыз кыздары кытай, турктор менен журбой калат имиш.. Кантип, вряд ли...
+4
AKCAHAT
2017-11-30 16:55:12
Meruet84, акылдуу деп ойлогом бирок сизделе диндин фанаты экенсиз))) миграция мн иноцтранец куйоо балдардын бул жерде кымындай тиешеси жок. Иноцтранецке тийген кыз 2чи болуп в жизни чалга тийбейт, миграцияда жургон кыздар уй салайын, уй алайын, ата энеми багайын деп журот 2чи болуп тийсе куйоосу уй салып береби ата энесине. Реалдуу дуйно мн Хуриялар дуйносун алмаштырбагыла
+1
Meruet84
2017-11-30 21:10:52
AKCAHAT,бул жерде мен оюумду туура жеткире албадым же сиз жакшы түшүнө албадыңыз деп ойлоп. Мындай көпчүлүктүн көйгөйлү маселелерде дайыма эркек депутаттар көтөрүп чыкчу. Бул көп аялдуулук маселесинде бул депутат айымыбыз көтөрүп чыкканынан пайдаланып ага кайрылуум болчу.Мыйзам кабыл алышат экен, аялдардын укутарын коргошот экен башка убакта эмне иштешпейт.Эгер толук кандуу иштеп укуктары корголуп жүрсө талаа жерде мынчалыкка жетмек эмеспиз .
0
KOCMOC
2017-11-30 19:55:08
Meruet84, Сиздин кооп эле билдируулорунузду окуп калгам. Акылдуу деп ойлойт элем. Мигрант болуп жургон кыздардын маселеси эч качан 2-аялдуулукту мыйзамдаштыруу менен чечилбейт. Анан да турк, кореец ж.б. иностранецтерге тийген кыздар эч качан 2-аял болуп тийишпейт. Бул менен ажырашуу, тируулой жетим калган балдардын гана саны осот.
0
Meruet84
2017-11-30 21:23:59
KOCMOC,туура. Бул нерсе менен бул көйгөйлөр толук кандуу чечилбейт, бирок канчалык бир деңгээлде пайдасы бар. Ч .ажы Жалилов аял алгыла деди деп туруп, баардык эркектер үйлөнүп албайт да. Кээси шартына канчалык деңгээлде багалуусуна карап алса , ал эми кээси эл дарвыса кош дарвып, "ал "деди, алышым керек деп, напси үчүн алып кайра кое бергендер болсо анда сиз айткандай ата энесиз балдар көбөйөт.Бирок баардык нерседен да, Аллахтын өкүмдөрү жогору тураарын да эске ала жүрсөк.
0
tram-lam
2017-12-01 12:05:56
Meruet84,канчалык бир денгээлде зыяны да бар. Коп аял алуу диндин аткарбай койсо болбой турган талабы эмес.
0
ice87
2017-11-30 12:38:34
Чубак ажынын кылганы бир аз туура деп ойлойм.Жоок эле дегенде 2 балалуу жесирди албайбы?Анан,Мерует сен куйооно озундон 10 жаш кичуу жесир аялды алып бересинби?Копчулук эркектер динди 2 аял алуудан баштайт эми.А бирок ошол 2 аялга бирдей мамиле кыла алабы?Же карыганын таштап жашына уйлонуп,карыган аялын тамак-аш,кийим-кечек менен эле камсыздап калабы?Соз мына ошондоо
-3
tram-lam
2017-11-30 12:50:39
Миграция маселеси эки аял алуу аркылуу чечилбейт да. Куйоого тийе албай, ОЗ жанын бага албай аргасыздан чет элге кеткен кыздардын саны жалпы мигранттардын кыпындай эле пайызын тузсо керек, ата-энесине жардамдашайын деген, Кыргызстандагы куйоосун, бала-чакасын багайын дегендерди кошпогула, себеби алар бироого экинчи аял болуп тийип кеткен кундо деле ал куйоо экинчи аялынын ата-энесин кошуп багып бербейт.
+3
kanykeim
2017-11-30 13:03:21
Эмнеге кыздарыбыз,туркко,азерге,иностранецке тийип жатат деп ойлонсонор боло...Анткени алар 2-аял алам деп чыкпайт.Устуно аял алдыргандан коро иностранецтие жалгыз аялы болуп жашаган зор.
+4
KOCMOC
2017-11-30 20:01:18
Мейли эркектерге соз жок! Баарысы эмес албетте, копчулугу 2-аялды мыйзамдаштырууну колдойт. Менин тан калганым ошого макул болгон кыз-келиндерде! Элестеткиле, куйоонордун кетип атканын, "2-аялыма кеттим" деп. Даана тируулуктун тозогу болбойбу. Баардык эле кыздын ою, кыялы "единственная" болуп жашаш.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан