Депутат Момбеков Жусуп Мамайдын атын жаңы конушка берүүгө уруксат берилбегенине нааразы болду

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгын Кыргыз өлкөсүндө белгилөө керектигин айтты.

Эл өкүлү манасчынын атын бир көчөгө жана бир жаңы конушка берүүгө Бишкек шаарынын мэриясы макулдук бербегенине нааразы болду.

"Жусуп Мамай көзү тирүү кезде Кытайдагы эң чоң "Тоо гүлү" сыйлыгын алган. Ошондой эле ага "Кыргыз эл артисти", I даражадагы "Манас" ордени, Алмазбек Атамбаев тарабынан "Кыргыз Республикасынын Баатыры", "Ак Шумкар" ордени берилген. Бир жылдан кийин Кытайда ушул кишинин 100 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленгени турат. Биздин кесиптешибиз Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине, жаңы конуштардын бирине Жусуп Мамайдын атын берүүнү, анын айкелин орнотууга 2 метр жер сурады эле. Мэрия тыюу салынган деген жобо менен жооп бериптир. Бул эмне деген акмакчылык? Биз ушундай залкар адамга 2 метр жер таба албасак адабиятка, маданиятка болгон чыккынчылык", - деди Момбеков.

"Манас атанын, Саякбай Каралаевдин, Сагынбай Орозбаковдун айкелдери турат. Ошолордун катарына эле Жусуп Мамай атабыздын айкелин орнотсок болот. Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында же андан кийин белгилениши керек. Бул боюнча токтом аркылуу өкмөттү жана Бишкек шаарынын мэриясын милдеттендирели", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Isco23
2017-11-30 14:41:00
Жусуп мамай атабыздын урпактары акча ташаш кк да ошондо коюшат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан