Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы курулган жол сапатынын кепилдигин 5 жылга чейин узартуу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатат.
Эл өкүлдөрү акыркы жылдары курулган жолдордун сапаты жакшы болбой жатканын айтып, анын кепилдик мөөнөтүн узартууга мажбур болуп жатканын билдирүүдө.
Мыйзамга ылайык, кепилдик мөөнөт жаңы автоунаа жолдору буюртмачыга өткөрүлгөн учурдан тартып эсептелинет. Учурда кепилдик жаңы курулган жолго 2 жылдан кем эмес, ал эми кайра оңдолгон жолдор үчүн 1 жылдан кем эмес мөөнөттү түзөт.
Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, жаңы жолдун кепилдиги 5 жылдан кем эмес, ал эми кайра оңдолгон жолдор үчүн 3 жылдан кем эмес мөөнөткө узартылат.