Бүгүн, З0-ноябрда жарандык коомдун, юристтердин жана Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын катышуусунда акыркы убакта көп талкууга алынып жаткан көп аял алуу боюнча маселе тууралуу тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдун жүрүшүндө диний активист Чубак Жалиловдун экинчи аял алганы тууралуу маалымат талкууланып ар кандай пикирлер айтылды.
"Көп аял алууга каршымын, бул тууралуу мыйзамды күчөтүү керек" деп билдирди депутат Аида Касымалиева.
Ошондой эле ал диний лидер болгон Чубак Жалиловдун бул билдирүүсүнө мыйзамдуу баа берилиши керектигин кошумчалап өттү.
Ал эми "Мутакаллим" жарандык коомунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын айтуусунда Чубак Жалилов мамлекетке, мыйзамга чакырык жасап коомдо болуп жаткан маселени көтөрдү.
"Диний аалымдын бул чакырыгы көптөн бери актуалдуу болуп жаткан маселени козгоду. Азыркы тапта бул жасалган билдирүүгө мамлекеттик органдар тарабынан эч кандай жооп болбой жатат", - дейт Фронтбек кызы.
Мындан сырткары Жамал Фронтбек кызы азыркы тапта коомдо экинчи аял болуп жашаган айымдардын саны көп экенин жана алардын укугу корголбой жатканын билдирди.