Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы курулган автоунаа жолдорунун кепилдик мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Анда "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Экмат Байпакбаев жол курулушунда коррупциялык аракеттер күч экенин айтты.
"Чет элдик компаниялар келип эле акчаны алат. Ал эми аткаруучулар биздин компаниялар эле болуп жатат. Менимче, Транспорт жана жолдор министрлиги өзүнүн ишин коррупцияга каршы иш аракеттерден баштоосу керек. Бул элдин каражаты. Ал жакта коррупциялык схемалар бар. Текшерүүчү келет, чөнтөгүнө салат, кийин эл кыйналат", - деди Байпакбаев.
Ошону менен катар эле депутат чет элдик курулуш компаниялары, жолдордун куруу сапатына жооптуу болбой жатканын айтып, бул багытта ата мекендик куруучуларды тартуу зарылдыгын белгиледи.