Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте бүгүн, 30-ноябрда "мамлекеттик тил боюнча улуттук программа билим берүү мекемелеринде аткарылыш көйгөйлөрү жана келечеги" аталышындагы республикалык илимий практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чарада "Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү боюнча улуттук программасынын алкагында жалпы билим берүүчү мекемелеринде аталган программанын аткарылышы, көйгөйлөрү жана келечеги, ошондой эле ЖОЖдордо ишке ашуусу жана башка маселелер туурасында талкуу болууда.
Педагогика илимдеринин доктору КУУнун профессору Жеңишбек Чыманов: "Мамлекеттик тил боюнча улуттук программанын ЖОЖдордо аткарылышы, көйгөйлөрү, келечеги" программасы боюнча: "Кыргыз тилин чет өлкөлүктөргө чет тил катары окутуу усулдарыбыз жок жана кадрларды даярдоо ыкмабыз жетишсиз", - деп билдирди.
Ал эми Исхак Разаков атындагы Кыргыз Технологиялык университетинин өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Бекжан Төрөбеков: "Улуттук тил боюнча Жогорку деңгээлде көп нерсе каралбай жатат. Биринчиден, башкаруу моделин өзгөртүү керек. Дүйнөлүк маалымат технологияларды колдонуп мамлекеттик тилдин базасын толуктай алабыз. Бизде атайын дайындалган функция жоктугунан тил илими аксоодо. Кыргыз тилин таза сүйлөй албагандарга дүйнөлүк деңгээлдеги методикаларды колдонуу керек. Кошумча катары орто мектептерде кыргыз тили боюнча кесиптик окутууну киргизүү керек", - деди.