Транспорт жана жолдор министрлиги: "Маданият-Жалал-Абад жолу 2018-жылы башталышы мүмкүн"

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы курулган жолдордун сапатынын кепилдигин 5 жылга чейин узартуу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатат. Анда депутат Аалы Карашев Бишкек-Ош каттамында курулбай калып калган Маданият-Жалал-Абад жолунун курулушунун кечигип жатканын айтты.

"Сүйлөшүүлөр 2014-жылы башталып, каржы маселесинен улам созулуп кеткен. Дүйнөлүк Банк менен учурда сүйлөшүү уланууда. Бул жол 2018-жылы башталышы мүмкүн", - деди транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев.

"Тездетип ошол жолду баштап бүтүрүү керек. 15 жыл мурун курула турган жол болчу. Азыр миллиондогон жарандар кыйналып жатат", - деди Карашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан