КСДП фракциясынан депутат Альфия Самигуллина өлкөдө заманбап, бардык шарты бар төрөт үйлөрү курулушу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-ноябрда парламент жыйынында айтты.
Ал республика боюнча балдардын төрөлүүсү жыл сайын өсүп жатканын белгиледи. “Балдардын төрөлүүсү жыл сайын өсүп жатканы жакшы көрүнүш. Бирок Бишкек шаарынын өзүндө шарты жакшы төрөт үйү жок. Заманбап, бардык шарты эске алынган төрөт үйү керек. Мындай төрөт үйлөрү Бишкекте эле эмес, республиканын башка шаарларына дагы курулса жакшы болмок”, - деди Самигуллина.
Аталган фракциядан депутат Сайдолимжан Жураев бүгүнкү күндө жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны өсүп жатканын билдирди. “Балдар дарты менен кыйналса, баласынын дарты менен кыйналган ата-энелер бир топ. Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө боюнча мындай балдарды аныктап, аларга операция жасоо чыгымдарын эсептеп чыгып, тиешелүү каражатты мамлекет табышы керек”, - деди Жураев.