Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан 33 шахта аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган инспекциянын мыйзамсыз көмүр казууну алдын-алуу, кен казууда техникалык коопсуздук талаптарын камсыздоо боюнча жүргүзгөн рейд учурунда Кызыл-Кыя шаарында 33 шахта мыйзамсыз иштегени такталган.
"Жеринде көмүр казуучу жайлардын ишин токтотуу талабы менен 15 шахтанын башчыларына административдик айып жана 3 жаранга протокол толтурулган. Жеринде чогултулган материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн каржы полициясына жөнөтүлдү. Ошондой эле Кызыл-Кыя шаардык мэриясына жана Үч-Коргон айыл өкмөтүнө өзүлөрүнүн аймагындагы шахталардын ишинин мыйзамдуулугун, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кырсыктарды алдын алуу максатында көзөмөлдү күчөтүп, тийиштүү чараларды көрүү боюнча эскертүү баракчалары таратылды", - деп айтылат маалыматта.