Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңеште Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат. Депутаттар талкуу учурунда Кыргыз-Казак чек арасындагы абалга кайрылып, ЕАЭБ алкагында келишимдер аткарылбай жатканын айтышты.
Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров: "Биз Казак тараптан жасалып жаткан жумуштарды изилдеп жатабыз. Казакстандын иш аракеттеринин жарымы мыйзамсыз. ЕАЭБдин ички келишимдерине туура келбейт", - деди.
Депутат Рыскелди Момбеков өкмөт "Бириккен улуттар уюмунда маселе каралып, мүчө мамлекеттерден 166 өлкө бизди колдоп добуш берди" деп көкүрөк какканын айтып андан жыйынтык болбой жатканына токтолду.
"Биз бүгүн канчалык мыйзамдарды кабыл алалы алар иштейби? ЕАЭБдин алкагындагы комиссияга кайрылганбыз, алар Кыргыз-Казак чек арасында ЕАЭБдин келишимдери аткарылбай жатат деп көңүл бурдубу? Ушул тараптан бир да жумуш аткарылган жок. Азыр Бажы кызматы отуруп алып Казакстандын өкмөт башчысы айткан сөзүн "туура эмес" деп айтып жатасыз. Сиз комментарий бере албайсыз, сиздин андай укугуңуз жок. Биздин Бажы кызматы бажалардын кызматы болуп калганы башынан эле белгилүү да", - деди Момбеков.