Өлкөдө спортчулардын тамак-ашы үчүн күнүнө 109 сом, машыктырууга 83 сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев билдирди. Эл өкүлү спортчулардын тамак-ашы үчүн бул каражат өтө эле аз экенин айтты.
“Спортчулар өлкө ичиндеги мелдештерге барган учурда аларга күнүмдүк тамак-ашына болгону 109 сом, ал эми машыктыруучусуна 83 сом бөлүнөт. Бул каражатка жакшы тамактануу мүмкүн эмес. Бул деген 1,5 долларга да жетпейт. Ошондуктан бул каражатты көбөйтүү керек”, - деди Кыдыралиев.
Ал эми Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин төрагасы Канат Аманкулов спортчулардын тамак-ашына бөлүнгөн каражатты 250 сомго көбөйтүп берүүнү суранганын, бирок сунуш четке кагылганын айтты.