Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт тарабынан сунушталган "Жарнак жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Анда жашы жете электерди коргоо максатында спирттик ичимдиктерди жарнак аркылуу жайылтууга бөгөт коюу сунушталган. Депутат Рыскелди Момбеков өкмөттү мындан башка маанилүү учурларга көңүл бурууга чакырды.
"Бул мыйзамдын тышы эле жалтырак. Силер жашы жете электерди коргоо максатында спирттик ичимдиктерди жарнак аркылуу жайылтууга бөгөт коюу керек деп айтып жатасыздар. Башка коргой турган маселе көп. Мисалы, бүгүн коньяктын аты "Манас", "Семетей", "Сейтек", арактын аты "Президент", тамекинин аты "Парламент". Бишкектин көчөлөрү Советский, Киевский, эс алуу бактары Фучик, Панфилов. Ал эми кафелердин баары "Омар не Хаям", тойканалар "Император", "Сенатор". Кыргыз өлкөсүндө жашап жатканыңдан кыйналып кетесиң. Силер мамлекеттик ишмерлерди, символдорду коргогула", - деди Момбеков.
"Азыр "Атамбай" деген арак чыгып жатат. Эртең дагы бирөө "Сооронбай" деп арак чыгарып алса эмне кыласыңар? "Булардын баары жарнак" деп жамбаштап жата бересиңерби? "Манас" эпосу жөнүндө мыйзам бар. Ал жерде Манас деген термин кайсы жерде колдонулушу керектигин өкмөт аныкташ керек деп турат. Ичкенибиз "Манас" болуп жатпайбы? Силер каякты карап отурасыңар?" - деп сурады депутат.
Андан соң ал өкмөттү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, тарыхый адамдардын атын мазактоого жол бербөөгө чакырды.