Жамал Фронтбек кызы: "Экинчи аял алган эркектер мамлекетке салык төлөшү керек"

Азыркы тапта экинчи аял болуп тийген аялдардын укугу корголбой жатат, биз алардын маселесин чечип берүү үчүн кандайдыр бир жолдорду табышыбыз керек. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда "Мутакаллим" коомдук уюмунун жетекчиси тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Ормон Жаныбеков, Кыргыз өлкөсүнүн дин иштери башкармалыгынын өкүлү Бактыяр Токтогазы уулу, Юстиция министрлигинин өкүлү Гүлмира Батырова, "Мутакаллим" коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жана депутат Аида Касымалиеванын катышуусунда өткөн бул тегерек столдо көп аял алуу боюнча кырдаалды талкуулап, ага укуктук, юридикалык баасын берип, бул жаатта өздөрүнүн сунуштарын айтышты.

Акыркы мезгилде көп аял алуу Кыргыз коомунда кадимки эле көрүнүш деген түшүнүктү калыптандыруу аракети жүрүп жаткандыгын билдирген депутат Аида Касымалиева азыркы тапта бул маселе парламентте көтөрүлүп жаткандыгын билдирди.

"Мен бул маселени көтөрүү тууралуу бир канча депутат кесиптештерим менен пикир алыштым, алардын көпчүлүгү көп аял алуу боюнча мыйзамды кабыл алыш керек деген пикирде экенин билдим. Бирок алар бул маселени эл алдына чыгып ачык айтуудан баш тартышууда", - деп билдирди депутат.

Ал эми коомдук уюмдун жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын билдирүүсүндө азыркы коомдо экинчи аял болуп тийген айымдардын саны көп жана алардын укуктары корголбой келет.

"Биздин коомдо экинчи аял болуп тийген айымдардын саны көп, аны канчалык жаап-жашырсак дагы баарына белгилүү. Маселе ошол экинчи аял болуп тийген аялдардын укугу корголбой жаткандыгында болуп жатат. Бул маселе өз убагында коомдук талкууга түштү тез арада чечүү керек", - деп билдирди жетекчи.

Ошондой эле бул маселени чечүүнүн үч эле жолу бар экенин, биринчиси бул көп аял алуу боюнча мыйзамды кабыл алуу, экинчи көп аял алууга тыюу салган мыйзамды күчөтүү, үчүнчүсү болсо ошол эки аял алып жаткан жарандарды мамлекетке салык төлөгөндөй кылып мыйзам кабыл алуу керек экендигин кошумчалады.

Мындан сырткары, азыркы тапта көптөр калп эле динди жамынып экинчи аял кылып жаш кыздарды алып жатканын жана экинчи аял алуу бул диндин талабы эмес экендигин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Adidas_91
2017-11-30 15:50:57
Кайсы мээңер менен салык деп жатасыңар? Экинчисин алып аны багып балдарына камкор болуп жатканы аз келгенсип салыкда төлөш керекпи кандай маңкуртчулук. Андан көрө жөн эле мыйзамдаштырып койгула бүттү.
+17
toktor89
2017-11-30 16:07:14
Сиздердин созунуздорду ким укмак эле оздору тийем деп атса????
Анда каапыр жээндерди кобойтуонго жол ачып бергиле!!!!
+9
tram-lam
2017-12-01 12:03:05
toktor89,ушул мыйзам ишке кирсе каапыр жээндер кобойот. Кыргызга тийип укугун тебелеткенче деп башкага тийип башташат, азыркы кыздар да кой эмес да, жоош болгудай
0
nematovich.90
2017-11-30 16:09:46
Салык деп журуп жей турган болдунарго. Случайно жеке туалетке салык жокпу? Кыргызстанга барайын деп жаткан элем баары жогу салык болуп кеттиго мамлекеттен пайда жок эле
+13
taalay25
2017-11-30 16:11:27
Озунор биринчи куйоого тийип алгылачы? Ушул маселени которуп чыккан сиздин да жанакы эки депутат айымдын да коп жылдан бери куйоолору жок. Эгерде куйоосу бар айымдар айтканда
+11
Paolo
2017-11-30 16:14:09
Каяктагы салык кооп гангирабагылачы
+11
bond02
2017-11-30 16:16:47
Ошол аялдардан да доляга отурганы жатасынарбы, же алар мамлекеттин менчиги бекен.
+9
Meruet84
2017-11-30 16:27:34
Адамдын окууган намазына, туткан орозосуна, (жолугуна) карап баа бербегиле,кылган жакшы жаман амалына жана канчалык Аллахтын алдындагы такыбалыгына карап баа бергиле деген сөздөргө далил болупсуз. Жамал эже,
+12
guju9389
2017-11-30 16:40:14
Meruet84,кечиресиз плюс басам деп минус басылып кетиптир
+1
jbolotov
2017-11-30 16:49:16
Жамал Фронтбек кызы динде айтылган нерсеге каршы чыккан болобу? Озу жоолук малып шарияттан кабары бардай журотко. Аллахтын билгенин талкуулосуз аткарганыбыз жакшы, каршы чыккандар озунон корушотда.
+7
satiev87
2017-11-30 18:23:32
баары жинди болуп каган азыр.
+2
Ayida
2017-11-30 20:26:12
Тообо кылдым муунафыктар эки жуздуу намаз окуган адамдар болот десе Куранда тан калып калдым эле.Кантип эле намаз окуйт Кудай деп анан эки жуздуу болот Аллахга каршы чыгып деп.Куран Аллахтын созу ках! Азыр тан калып турам.Жамал эжени коруп.Туура эмес иш кылып жатат.Аялдарга керек болсо туура эмес жака багыт берип.Кайын журтунун ишин кылба керек болсо куйооно тамак жасап бербе милдетин эмес деп
+6
erkeleim
2017-11-30 22:23:52
Азыр ар бир уйду кыздары багып калды ачуу чындык эркектер экинчи катын алганды энсебей кыздарынарды карындашынарды иштетпей баккыла. Кудай жолуна жон эле жардам бергиле уй булоолуу эркектер экинчисин алып биринчинин башын аттабай ислам динин эки аял алуудан баштабай эле койгула Экинчи мыйзам кучундо калсын!!! Ар биринде кыз бар кудайдан бироо менен туболук омур сурсун деп тилегиле
+1
muslim87
2017-11-30 23:03:45
Булар аял кишилер, аялдыгын кылып атышат. Буларды да туура түшүнүү керек. Эгер эркектер да ушинтип чырылдап чыгышса анда алардын эркектигинен күмөнүм бар. Негизи биз эркектердин лохтугубуздан аял заты көчөгө чыгып кетти, эркектер менен талашып бир деме талкуулоого өтүштү. Негизи аял кишилерди коомдук иштерге, мамилекеттик иштерге аралаштырбаш керек болчу. Эне мектеп, эне медресе, аял үйдүн куту, аял кымбат зат аны көпчүлүктүн көзүнө алып чыга бербегиле дечү эле. А бүгүн баары тескерисинче.
+2
tram-lam
2017-12-01 11:52:38
Башка улуттагы жээндер ошондо накта кобойот. Кыргызга тийсен кызыгы тараганда экинчи аял алам деп, жини келсе, айтканын аткарбасан экинчисин алам деп коркутуп турганынан коро башка улутка тийип башынды оорутпай жашаган жакшы эмеспи.
0
tram-lam
2017-12-01 11:58:59
Эки куйоого тийгенге уруксат берген мыйзамды да кошо карай кетишсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан