Бүгүн, 30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев электр энергиясынын эсеп баракчасына Казакстандагы кумар оюндарына чакырган жарнама басылып элге таратылып жатканын айтты.
"Экономика министрлигине жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине кайрылып кетейин дегем. Элге эсеп баракчалары келип жатат, анын артында Казакстандагы кумар оюндарына чакырган жарнама жүрөт. Лотерея жөнүндө мыйзамда мындай иш аракеттерге тыюу салынат. Бул биздин электр төлөмдөрүнө берилген баракчалар, телефон байланыштар баары көрсөтүлүп турат. Биз кумар оюндарына тыюу салганбыз. Бул жерде аны ачык жарнамалап жатат", - деди Жээнчороев.