Борбордук шайлоо комиссиясы каза болгон депутат Улан Чолпонбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Ал эми анын депутаттык мандатын "Республика-Ата Журт" партиясынан кийинки кезекте турган талапкер Закир Шараповго берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан 30-ноябрда кабарлашты.
11-ноябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Улан Чолпонбаевдин көз жумганы белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал боордун циррозу менен ооруган. Депутаттын артында эки кызы калды.
Айта кетсек, Закир Шарапов 1965-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Коргон айылында төрөлгөн.
- 1990-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн;
- 1996-жылы "Кыргызайылкөмөк" ААКсында директордун орун басары;
- 1997-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган;
- 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты;
- 2007-2008-жылы Монополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;