SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эгер убакыт унаасы бар болсо, кайсы учурга барып жашайт элеңиз?" деген тема талкууга алынган.
Анда автор: "Убакыт унаасы кинолордо эле эмес, чыныгы жашоодо дагы бар болсо деп кыялданып коём. Сиз кайсы учурга барат элеңиз? Келечеккеби же арткабы? Мен, мисалы, илгерки убакка, хандар бийлеген заманга баргым келет. Баары кыргызча кийинген, боз үйлөр... Анан тынчтык өкүм сүргөн заманга, адамдар жаңы калыптанып, кол өнөрчүлүк, дыйканчылык пайда боло баштаган мезгилге дагы баргым келет", - деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Убакыт машинасы болгондо аны дароо ижарага алып, "Кыялымдагы убакыт" деген таксопарк ачып бизнес кылат элем".
"Мен пайгамбар жашаган убакка баргым келет. Өзүн өңүмдө көрөт элем..."
"Мен артка баргым келбейт, келечекти көргөнү да шашкым келбейт. Азыркы жашоомдо эле калмакмын".
"Планета жаралып жаткан мезгилге бармакмын. Адамдар маймылдан жаралганбы же Кудай жаратканбы, ошону көрүп келет элем".
"Илгерки жашоону тарыхты окуп түшүнүп биле алам кандай экенин, эч болбосо элестетем. Мен жыйырма экинчи кылымга бармакмын".
Талкууга кошулгуңуз келсе,
бул жакка кириңиз.