Буга чейин "Бала бакчаларда "Таза коом" долбоорун ишке ашырууга керек деп ата-энелер тууралуу жеке маалыматтарды чогултуп жатышат" деп окурман "Элдик кабарга" билдирген. Мунун себебин аныктоо үчүн билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Бул маалыматтар чынында эле "Таза коом" долбоорунун алкагында чогултулуп жатат. Буга чейин деле ата-энелер балдарын мектепке же бала бакчага алып барышканда алардын документтеринин көчүрмөлөрүн чогултуп алышчу. Азыр ошонун баарын топтоп отурбай, бир кагазга эле жазып толтурууну ыңгайлуу деп эсептедик. Ал эми өтө эле ашыкча, майда суроолор кездешет экен дегендер, ал суроолорго жооп бербей эле койсо болот. Анын баарына жооп жазгыла деп мажбурлоого эч кимдин укугу жок. Мунун кереги эмне деген суроо жаралса, азыр маалыматтык базада чынында маалымат өтө аз. Ошону толуктоо үчүн иштелип чыккан. Чогултулган маалыматтар эч кимге берилбейт жана көрсөтүлбөйт. Мындан шектенүүнүн кажети жок", - деди ал.