"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бишкекте кооптуу абалга келип калган бейтапкананын ордуна жаңысы салынат" дейт министрлик

Бишкектин Заря конушундагы бейтапкана кооптуу абалга келип калгандыгына байланыштуу 2018-жылы жаңы бейтапкана салынат. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Чүй облусунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Бактыгүл Мамытова билдирди.

"Ал бейтапкана кооптуу абалга келип оңдоп-түзөөгө жарабай калган десе болот. Ага байланыштуу ал жерге жаңы бейтапкана салынат. Учурда анын бюджети чечилген. Ал эми жаңы бейтапкана салынганга чейин ага майда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт", - дейт Бактыгүл Мамытова.

Айта кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталына Бишкектин Заря конушундагы бейтапкананын абалы начар, адистер жетишсиз экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
almanbetperm
2017-11-30 23:13:59
2018 2028ге отуп кетпесе эле,
+1
KAPAGAT
2017-12-01 01:57:49
:-)
0
Paolo
2017-12-01 03:57:32
Коробуз коробуз баарын убакыт корсотот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан