Жогорку Сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакупованы жана "Заноза" сайтынын жетекчилигин экс-президент Алмазбек Атамбаевге 12 миллион сом төлөө чечимин күчүндө калтырды.
Башкы прокуратура экс-депутат Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Башкы прокуратура "Занозанын" башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо койгон. Жалпы доонун баасы 12 миллион сом болгон. Доо арызды райондук жана шаардык сот канааттандырган.