Түркияда 28 аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды

Түркияда сот күч түзүмдөрүнүн 28 кызматкерин өмүр бою эркинен ажыратты. Алар 2016-жылдын 16-июлунда болгон бийликти күч менен басып алуу аракетин жасоого катышкан деп айыпталышкан. Мындан тышкары Анкарадан дагы 300дөй аскер кызматкерин колго түшүрүүгө буйрук берилди.

Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүштү жасоо аракети өткөн жылдын 16-июлунда болгон. Негизинен козголоң Стамбул жана Анкара шаарларында орун алып, кагылыштан 260тан ашык адам көз жумган. Козголоң басылгандан кийин Түркияда өзгөчө кырдаал жарыяланып, бийликти басып алуу аракетин көргөн делип 50дөн ашык адам камалса, козголоңду уюштурууга катыштыгы бар деп шектелип 150 миң адам ээлеген кызматынан бошотулган.

Түркия бийлиги төңкөрүштү уюштуруунун башында Режеп Тайип Эрдогандын каршылашы, дин кызматкери Фетхуллах Гүлендин тургандыгын жарыялаган. Ал эми Гүлен төңкөрүш жасоо аракеттерине эч кандай катыштыгы жок экенин билдирип, эгер анын күнөөсүн далилдешсе Түркияга кайтарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bahira
2017-12-01 09:20:08
Тооба омур бою дейби,балдарычы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан