Кечээ, 30-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Минскте өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин мааракелик сессиясынын тар курамына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Беларустун президенти Александр Лукашенко Сооронбай Жээнбековду куттуктап, ийгилик каалады. “Жалпыбыздын атыбыздан сизге жаңы татаал кызматыңызга ийгиликтерди жана Кыргыз өлкөсүнүн мындан аркы өнүгүүсү жана уюмубуздун бекемдеши үчүн жемиштүү иш каалайм”, - деди Александр Лукашенко. Андан соң жыйын кеңейтилген курамда өттү. Анда бир канча документтерге кол коюлду.