Президент Сооронбай Жээнбеков 30-ноябрда Минскте өткөн Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин мааракелик сессиясына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Беларуста өтүп жаткан саммитте Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Президенттер эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.