Евразиялык өнүктүрүү банкынын жетекчилигине Андрей Бельянинов дайындалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, тиешелүү буйрукка Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев кол койгон. Андрей Бельянинов буга чейин Федералдык бажы кызматын жетектеп келген. Ал эми Евразиялык өнүктүрүү банкынын жетекчилик кызматын буга чейин Дмитрий Панкин ээлеп турган.
Евразиялык банктын туруктуу капиталы 7 миллиард долларды түзөт. Түзүмдүн негиздөөчүлөрү Орусия, Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргыз мамлекети жана Тажикстан өлкөлөрү.
Насыя уюмунун негизги максаты болуп өлкөлөрдүн ортосундагы базар-экономикалык карым-катнашты өнүктүрүү жана алардын соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү болуп саналат.