Күйүүчү майдын баасы жылдын аягына чейин кымбаттабайт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары Кеңешбай Тайлаков 1-декабрда маалымат жыйында билдирди. Анын белгилешинче, бааны бир калыпта кармап туруу үчүн учурда өлкөдө күйүүчү майдын запасы жетиштүү.
"Быйыл сентябрь айында күйүүчү майга болгон баа 4-5 пайызга өскөн. Буга күйүүчү майдын 80 пайызы Орусиядан келгени себеп. Бирок баанын өсүүсүн токтотуу боюнча иш аракеттерди көрдүк, запас жетиштүү. Ошондуктан жылдын аягына чейин баа ушул калыпта кармалып турат", - деди Тайлаков.
Тайлаков Кыргыз мамлекетинде күйүүчү майдын баасы Беларусь, Армения, Өзбекстан жана Тажикстанга салыштырмалуу төмөн экенин белгиледи.