Бүгүн, 1-декабрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Калдарбек Баймуратов Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевден "Мегаком" компаниясы эмнеге сатылбай жатканын сурады.
Зилалиев аталган кызматка дайындалганына бир апта болгонун эскертти. "Бул маселени анализдеп жатам. Баасы туура чыккан, башка жагынан бүт иштер жасалып, жарнамалар берилген. Бүгүнкү күндө реалдуу сатып алуучу жок болуп жатат. Балким, баасы жогору болууда. Баасын түшүрө алабызбы деген суроону карап көрдүк. Коюлган баа бир жыл турат экен. Бааны түшүрүү мүмкүн эмес деп айта албайм, бирок буга негиз жок. Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков компанияны сатып берүү боюнча эл аралык компаниялардан сунуш түшүп жатканын айткан", - деди Зилалиев.
Калдарбек Баймуратов билдиргендей, "Мегакомду" сатпаш керек деген пикирлер айтылган. "Компанияны сатпаш керек деген пикирлер айтылган. Бирок биздин фракция барган сайын "Мегакомдун" баасы төмөндөй турганын эскерткен. Себеби эл "вай-фай" аркылуу бири-бири менен байланышып, "Мегакомдун" кызматынын кереги жок болуп калат", - деди депутат.
Айта кетсек, "Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Эки жылдан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандаган. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган.
Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду дээрлик 2 ай мурун "Мегаком” компаниясын сатып алам деген орусиялык ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон. Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, тараптар эки жакты тең канааттандырган шарттарга жете алышкан эмес.