Көмүрдүн баасын негизсиз кымбаттаткан ишкерлер 50 миң сомго чейин айыпка жыгылат (өлкө боюнча көмүрдүн бирдиктүү баалары)

2018-жылдын 16-февралына чейин ишкерлер көмүрдүн баасын өкмөт тарабынан бекитилген баада гана сата алышат. Бекитилген норманы сактабаган ишкерлерге 10 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул салынат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары Кеңешбай Тайлаков 1-декабрда өткөргөн маалымат жыйынында айтты. Анын белгилешинче, ар бир облуста жумушчу топ түзүлүп, алар көмүрдүн баасын көзөмөлдөп турушат.

"Биз өкмөттүн токтомунун негизинде көмүрдүн бааcын өлкө аймагы боюнча белгилеп чыктык. Эми аны көзөмөлдөө үчүн аймактарда жумушчу топ түзөбүз. Бааны негизсиз жогорулаткан тараптар айыпка жыгылат", - деди Тайлаков.

Ошондой эле өкмөттүн 16-ноябрдагы 745-токтомуна ылайык, өлкө аймактарында сатылып жаткан көмүрдүн баасы бекитилди. Мындан тышкары ноябрь айында кымбаттап кеткен көмүрдүн баасы 20 пайызга арзандатылды.

"Баткен облусунда көмүр башка аймактарга караганда эң кымбат сатылып жаткан. Мисалы, 1 тонна көмүр 9 миң сомго жеткен болчу. Азыр 7 миң сомго түшүрдүк. Көмүр казуу жайлар көп болгону менен, аны казып алуу үчүн техникалардын жоктугунан кол менен казып алынат. Ошондуктан кымбат", - деди Тайлаков.

Өкмөт бекиткен баага ылайык, учурда 1 тонна көмүр:
Бишкекте 3800-4000 сом;
Чүйдө 3900-5000 сом;
Ысык-Көлдө 3500-6500 сом;
Таласта 4700-6700 сом;
Нарында 2000-4250 сом;
Жалал-Абадда 4430-6080 сом;
Баткенде 3570-7000 сом;
Ош облусунда 1500-6000 сом;
Ош шаарында 4400 сомдон 5200 сомго чейин сатылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Dalil
2017-12-01 12:20:45
Ар бир региондун баалары жарыяланбайбы. Бааларды көзөмөлдөгөнү эл да жардам берет эле. Элдик кабарга оперативдүү жарыялап
+5
madrid7000
2017-12-01 12:37:26
2000 сомдук комур жок апыртыптыр
0
Mers124
2017-12-01 14:48:39
madrid7000, Жумгалда 2000 сом
0
bars_wire
2017-12-01 12:49:48
Мисалы Алай комуру канча сомдон болуп жатат.Биз 6 минден акчасын бердик.кошунабыз эле ээми тушуруп берет уйго.
0
Eli.91
2017-12-01 13:36:01
Мынча кымбааат
0
Eli.91
2017-12-01 13:37:36
Кичине тушурсо болбойбу?былтыр арзан эле,Атамбаевдин кылганы ушул болду окшойт элди кыйнаб,комур кымбаттап кетти быйыл кара пайым элге эле тиет залакасы
0
Eli.91
2017-12-01 13:38:03
Жолгиреси менен 6000 минге тушту бизге
0
Isco23
2017-12-01 13:41:24
Алайда эки карьер бар. Ошо болсо да кымбат. Алайлыктар озу карангы тунт экенбиз. Эт дагы жык. Ошко караганда кымбат
+1
amirrus
2017-12-01 15:06:50
Ошто 5-6 сом
0
Jaziko80
2017-12-01 15:14:43
Оштон 6сом 50тыйын.тоннасы 6500 каяктагы бааны айтышкан.
0
fea1990
2017-12-01 15:16:34
Баткенде 1 тонна Сулукту комуру 9000мин эмес 12000с осуп кеткен го
0
dinara7684
2017-12-01 15:21:04
Кара Кулжада 6500 дон сатылып атат го
0
Begimai-89
2017-12-01 15:33:06
Алайда өзүндө комур чыгат анан неге кымбат жылда эле кымбат болот, башка региондорунда караганда
0
Maks_shop
2017-12-01 18:54:27
Ошто 6500дон болуп жатат
0
Rasul94
2017-12-01 20:10:20
баатыр энелерге комур келбеди го.мен ошону кутуп алигиче отун жагып жатам
0
uran
2017-12-04 16:07:30
"Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары Кеңешбай Тайлаков 1-декабрда өткөргөн маалымат жыйынында айтты. Анын белгилешинче, ар бир облуста жумушчу топ түзүлүп, алар көмүрдүн баасын көзөмөлдөп турушат"-Ар бир облустагы ошол аталган көзөмөлдөөчү топтордун адрес, контактарын берип койсоңор болмок экен...а то азыр ар жерде көмүрдүн баалары силер айткан баада эмес ...контроль жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан