“Бейиш” медициналык борборунун имаратынын ижара акысы бир-эки кишинин эле чөнтөгүнө түшчү” деди бүгүн, 1-декабрда “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары Бакытбек Мураталиев.
Буга чейин аталган фракциядан депутат Мирлан Жээнчороев “Бейиш" медициналык борбору имараттын ижарасын убагында төлөп келгенин айткан. “Аталган борборду академиктер көп жылдан бери иштетип келет. Ижара акысы убагында эле төлөнүп келиптир. Эмнеге аталган борборду имараттан чыгарып, мамлекеттик органды киргиздиңер?” - деп Жээнчороев Мураталиевден сурады.
Бакытбек Мураталиевдин айтымында, имарат президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын балансында. “Мамлекеттик кадр кызматын имаратка жайгаштыруу боюнча өкмөттүн чечими чыккан. Негизи “Бейиш” борбору имарат үчүн төлөгөн ижара бизден каттоодон бир дагы жолу өткөн эмес”, - деди Мураталиев.
Айта кетсек, буга чейин Бишкектеги "Бейиш" медициналык борборунун имаратын Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери үчүн бошотулуп берилип жатканы тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун басма сөз кызматынан билдиришкен.