Депутат Маммүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басарлары жыйынга даярданбай келгенине нааразы болду

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Үмбөталы Кыдыралиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басарлары жыйынга даярданбай келгенине нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-декабрда аталган фракциянын жыйынында билдирди.

"Фонддун төрагасынын орун басарларына суроо берилсе эле кагазды карашат. Бюджетке канча пайда түшүп, 2016-жылы бюджетке канча акча которулуп жатканын так айтыш керек. Мамлекет сиздерге ишеним көрсөтүп, кызматка дайындаган. Канча жыйын болду, силерден татыктуу жооп ала элекпиз, кийинкиде жакшы жооп берет деген ойдобуз. Эки орун басарга эскертүү берүүнү сунуштайт элем", - деди депутат.

Жыйынга аталган фонддун төрагасынын эки орун басары катышты. Алар: Бакытбек Мураталиев жана Бекболот Алиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Paolo
2017-12-01 14:40:00
Чык эшике деш керек эле да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан