ЭЛДИК КАБАР: "Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунун куруучуларына айлык акылары 4 айдан бери берилбей жатат" дейт окурман

Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунун куруучуларына айлык акылар 4 айдан бери берилбей, алар бүгүн митингге чыгышты. Бул тууралуу маалыматты окурман "Элдик кабарга" билдирди.

"Төрт айдан бери айлык акыбызды бербей жатышат. Ошол себептен жумушту токтотуп, бүгүн митингге чыктык. Өкмөт ушул маселени чечип берип койсо болмок. Буга чейин шайлоо деп чуркап жүрүштү, акчаңарды беребиз деп тил эмизишти. Эми шайлоо өтүп, шайланчусу шайланып алгандан кийин ушинтип эл унутта калабы?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунун жумушчулары (митинг)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ermekbai
2017-12-01 17:13:28
Шайлоодон кийин эл унутта калабы?- чын эле шайлоо өткөндөн кийин унутту окшойт булар. Шайлоо участкасында оператор болуп иштегендердин айлык акысында бере элек деп Элдик кабарга чыкты.
+1
gute
2017-12-01 17:17:36
Жеп коюштуда карапайым жумушчулардын акчасын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан